Дүйнөлүк басма сөз 04.10.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

Дүйнөлүк басма сөз 04.10.2017

Немис ДПА гезити «Эрдоган Түндүк Ирак башкаруусун мыйзам тышы элдик добуштан кийин дагы көп кадам таштоо менен коркутту» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Ирак күрт аймактык башкаруусун 25 -  сентябрда өткөргөн мыйзам тышы элдик добуш берүү тууралуу эскерткендигин билдирген. Эрдоган : «Эгерде  өздөрүнө келбесе абалга жараша кадам таштоодон тартынбайбыз. Ирак күрт аймактык башкаруусунун эртерээк акылына келишинен үмүт кылуудабыз»,- деди.

 Орусиянын РИА Новости гезити «Түркия Иранга карата санкцияларга каршы чыкты» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкаранын Иранга карата санкция саясатына каршы экендигин белгилегендигин жазган. Чавушоглу : «Иранды туура эмес сынга алып жатабыз, туура болгондо да колдоп жатабыз. Санкция саясаты жаңылыш. Кээ бир өлкөлөр жактырбаган жана жок кылууну каалаган Иранды кысмакка алуу абдан коркунучтуу жаңылыштык. Иран бизге душманбы?»,- деди.

АКШнын «Associated Press» гезити «Испаниянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнү негиз катары карап жатабыз» деген маалыматында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хүсейин Мүфтүоглу Каталония автономиялуу аймагында 1 -  октябрда өткөрүлгөн мыйзам тышы көз карандысыздык элдик добуш берүүгө карата Испаниянын жеринин бүтүндүгүнө карата сыйдын эң негизгиси экендигин айтып эки тараптын да Испания мыйзамдарына баш ийүүсү жана күчкө бөгөт болуунун абдан чоң мааниге экендигин айтты. Мүфтүоглу Түркиянын Испаниянын «мындай сыноолорду» ашып өтөрүнө ишенгендигин айтты.

Өзбекстандын «Жахон» гезити «Өзбек – түрк иш форуму» деген маалыматында Өзбекстан мамлекеттик инвестициялар комитети менен Стамбул соода кабинетинин кызматташтыгында Ташкентте өзбек – түрк иш форуму өткөрүлгөндүгүн билдирди. Форумдун ачылышын Өзбекстандын вице  - премьери Жамшид Кучкаров аткарып, Стамбул соода кабинетинин төрагасы Ибрахим Чаглар менен Ташкент элчиси Ахмет Башар Шен ачылуу сөзүн сүйлөштү. Тараптар иш форумунда орток проектилердин турмушка ашырылышы менен түрдүү тармактарда кызыкчылыктарга таянган ортоктуктун өнүктүрүлүшү жолунда таштала турган кадамдарды карап чыгышты.



Тектеш кабарлар