Дүйнөлүк басма сөз 6.09.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

801982
Дүйнөлүк басма сөз 6.09.2017

Орусиянын Спутник маалымат агенттиги «Эрдогандын Мьянма лидери менен Аракан сүйлөшүүсү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын  Араканда болгондор тууралуу Мьянманын лидери Аунг Суу Чии менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. Сүйлөшүүдө Эрдоган Аракан мусулмандарына карата адам укуктарын бузуунун артышынын башта ислам өлкөлөрү болуу менен бүткүл дүйнөдө терең тынчсызданууга жол ачкандыгын баса белгиледи. Бул тууралуу пикир алышууларда болгон Эрдоган менен Аунг Суу Чии болуп жаткан кризистин кандай чечилери жана аймак калкына гуманитардык жардамдардын жеткирилишин карап чыгышты. Түркиянын террорду, күнөөсүз кишилерди бутага алган операцияларды да айыптагандыгын эске салган Эрдоган окуялардын олуттуу бир адамзаттык кризиске айлануусунан тынчсызданып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.

АКШнын Associated Press агенттиги «Түркия Мьянманын Аракан калкына жардам берет» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Мьянмага биринчи чет элдик жардам мекемеси катары Түркия Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКА башкармалыгынын жетекчилеринин кирүүсүнө жана биринчи этапта миң тонна жардамдын берилишине урксаттын берилгенин билдиргендигин жазган. Ибрахим Калын берген маалыматында жардамдардын кол салууларда жүздөгөн үй  - бүлө  үйүнөн жана айылынан кеткен Ракханын түндүк аймагына жеткирүү үчүн Ракхине аймагынын өкмөтү менен кызматташтык ичинде ишке ашырууну пландашкандарын белгиледи. Калын жерлерин таштап тоолуу аймактарга жайылган Аракан мусулмандарына биринчи этапта таркатыла турган чукул жардам пакеттеринин күрүч, кургатылган балык жана кийим – кечеден тургандыгын билдирди.

Азербайжан Тренд болсо «Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Бангладешке барат» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу аракандык мусулмандар жашап жаткан лагерди  зыярт кылуу үчүн Бангладешке барарын билдирген. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Мевлют Чавушоглу Бакуда алтынчысы өткөрүлө турган Түркия  - Азербайжан – Грузиянын тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйынынан кийин Бангладешке барат. Араканда мусулмандарга карата кыргындар жана аракандык мусулмандардын акыркы абалын бангладештик жетекчилер менен карап чыгат.

Ройтерс агенттиги «Түркиянын Европа Биримдигине кошулууну акырына чыгаруусу тууралуу сөздөр Еврорпага зыянын тийгизет» деген  маалыматында Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Европа Биримдигине кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн аякташына байланыштуу сөздөрдүн «Европанын негизги принциптерине карата кол салуу» экендигин айтты. Өмер Челик тивиттер аркылуу берген кабарында : «Кыштары популизм болгон Берлин дубалы курулууда. Бир Европа мамлекети жана Европа демократиясы катары Түркия башы тик жолун уланта берет»,- деди.



Тектеш кабарлар