Дүйнөлүк басма сөз 13.07.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

528405
Дүйнөлүк басма сөз 13.07.2016

Орус басма сөзү «Спутник» «Түркиядан Европа Парламентине ПКК айыптоосу» деген макаласында Түркиянын тышкы иштер министрлиги ПКК мүчөлөрүнө таандык экендиги айтылган фотографияларга орун берген көргөзмөдөн улам Европа Парламентин айыптаганын жазган. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта «ДЕАШ да ПККда террордук уюм. Террордук уюмдарды тандоо террордук кол салууларда каза болгондордун элесине сый көрсөтүлбөгөндүк болот. Кош стандарттар Европа Биримдигинин имиджин олуттуу түрдө тебелеп жатат»,- деди.

Германия басма сөзү DW «Меркелден Инжирлик тууралуу маалымат» деген макалада Германиянын канцлери Ангела Меркель немис депутаттарынын Инжирликтеги немис аскерлерин зыярат кылуусуна Түркиянын уруксат бербеши тууралуу так маалымат бергенин белгилеген. «Биз парламент армиясыбыз»,- деген Ангела Меркель : «Мунун мааниси бул : Немис федералдык парламенти мүчөлөрүбүздүн Германиянын тышында кызмат кылган аскерлерди да зыярт кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек»,- деди. 

АКШнын кабар порталы TURKİSHNY “Ахыска түрктөрүнө жарандык  сүйүнчүсү» деген макалада ички иштер министри Эфкан Аланын : «Түркияда жашаган Ахыска түрктөрү да жарандыкты алат, бул тууралуу да иштерди аткаруудабыз»,- деген сөзү Эрзинжанга жайгаштырылган Ахыска түрктөрү тарабынан кубанычтуу кабыл алынгандыгы жазылган.

Президент Р. Т. Эрдогандын буюртмасы менен Украинадан келип Эрзинжандын Үзүмлү районуна жайгаштырылган Ахыска түрктөрүнүн бир бөлүгү Эфкан Аланын Түркияда жашаган Ахыска түрктөрүнүн Түркия жарандыгын аларын айтуусу менен түрк желектерин алып отурукташуу аянттарында «Жашасын Түркия» деген ураандар менен жүрүштү.

Орусиянын кабар агенттиги Интерфакс «Урал аба жолдору Экатеринбургдан Антальяга иреттүү түрдө каттамдарын баштайт» деген маалыматында  Урал аба жолдору фирмасынын басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда фирма Түркияга кайрадан каттамдардын башталарын билдирген. 7 -  августтан баштап Экатеринбург менен Антальянын ортосунда жума сайын  жекшемби күндөрү иреттүү каттамдар башталат. Каттамдарда А 320 моделиндеги учактар колдонулат. Урал аба жолдорунун басма сөз борборунан берилген маалыматта  тыюу салуулар киргизилгенден мурда Урал аба жолдору фирмасынын Түркияга чартердик каттамдарды чыгарарын жана 7 -  августтан баштап да тарифине иреттүү каттамдарды кошору белгиленди.

 



Тектеш кабарлар