Дүйнөлүк басма сөз 23. 07. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

68127
Дүйнөлүк басма сөз 23. 07. 2014

Катарда чыккан «Ел Шарк» гезити Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббастын президент Абдуллах Гүл менен Стамбулда жолугушканын жазган. Гезит өткөрүлгөн биргелеше маалымат жыйында Аббастын Палестинада болгондор тууралуу маалымат берүү дайыма Түркия менен байланышта болууга мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтканын жарыялаган. «Ел Шарк» Түркиянын БУУда Палестина маселеси үчүн алган ролун сыймыктандыруучу деп мүнөздөгөн Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас Түркиянын Палестина маселеси тууралуу негизги орток экенин белгилегенин билдирген.
Англис кабар агенттиги Ройтерс премьер – министр Р. Т. Эрдогандын Газага жасалган кол салуулардан улам Израиль тууралуу : «Варвалыкта Гитлерди да ашып өттү»,- деп күнөөлөгөнүнө орун берген. Эрдогандын АКШны Израилдин күч колдонуусун жактоо менен күнөөлөгөнүн жана ислам дүйнөсүнүн да каршы чыкпаганын айтканын билдирген агенттик, муну менен бирге Эрдогандын калкына кыжырдануусун өлкөдөгү еврей коомунан чыгарбашы тууралуу эскерткенин жазган.
Француз басма сөз агенттиги АФП да Израилдин Газага кол салуусуна Эрдогандын абдан катуу каршы чыкканын күн тартибине алып келди. Агенттик Эрдогандын Израилдин Газа тилкесине жасаган бомбалоолорду палестиналыктарга карата «системалуу кыргын аракети» деп мүнөздөгөнүн жазган. Эрдогандын Стамбулда мусулман аалымдары уюштурган эл аралык жыйында сүйлөгөн сөзүнө токтолгон АФП Эрдогандын : «Мындай абал менен биринчи жолу кездешип жаткан жокпуз. 1948 – жылдан бери күн сайын, ай сайын жана өзгөчө ыйык Рамазан айында системалуу кыргынга күбөө болуудабыз»,- дегенин жана эл аралык коомду да сынга алганын билдирген.
Орусиянын Расмий кабар агенттиги Риа Новости Түркияда Израилге каршы митингдерге орун берген. Агенттик кабарында Израилдин Газага жасаган кол салуусу жана Палестинада баштаган кургактык кыймылынан кийин Түркияда бир топ шаарда протест митингдеринин уюштурулганын жарыялаган. Агенттик митингге чыккандардын Стамбулдагы Израиль консулдугунун алдында чогулуп, колдорунда Палестина байрактары менен Израилге каршы ураандар менен жүрүшкөнүн, Анкарада миңдеген кишиден турган калың топтун Израиль элчилигинин алдында протест кылышкандарын, протестчилердин АКШнын Адана башкы консулдугу имаратынын алдында да билдирүү жасап Израилди айыпташкандарын билдирген. Агенттик Измирдин борбордук аянтында чогулган бир группанын болсо каза болгон палестиналыктар үчүн дуба окууларынан кийин газалыктарды жактаган ураандар менен жүрүшкөндөрүн жарыялаган.
Испанияда чыккан «La Vanguardia» президент Абдуллах Гүлдүн Кипр маселесин чечүүдө, өлкөсүнүн алдыңкылыктарынын бири экенин баса белгилегенин жазган. Гезит Гүлдүн Лефкошада Кипрдеги маселелердин түбөлүк эмес экенин айтканын жана өлкөсүнүн аралдын кайрадан биригүүсүнө шарттын түзүлүшү жагдайында кипрдик түрктөргө болгон колдоосун кайталаганын жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар