Түштүк Кореяда кыштын эң суук күндөрү

Өлкөдөгү ыңгайсыз аба ырайынан улам 466 каттам токтотулуп, кургактык жана деңиз транспортуна да терс таасирин тийгизгени белгиленди.

1937287
Түштүк Кореяда кыштын эң суук күндөрү

Түштүк Кореяда абанын температурасы 39,3 градус суукка чейин төмөндөп, кыш мезгилинин эң суук күндөрүн  өткөрүүдө.

Йонхаптын кабарына караганда Кореянын метеорология башкармалыгы термометрлердин борбор шаар Сеулда 25, өлкөнүн түндүгүндө 39,3 нөлдөн төмөн көрсөткөнүн жарыялады.

Айрым аймактарда калың жааган кардын жана шамалдын таасири менен абанын температурасы кыш мезгилинин эң төмөнкү деңгээлине чейин төмөндөгөндүгү белгиленди.

Өлкөдөгү ыңгайсыз аба ырайынан улам 466 каттам токтотулуп, кургактык жана деңиз транспортуна да терс таасирин тийгизгени белгиленди.

Түндүк Кореяда бийлик кыштын катаалдыгына байланыштуу коомчулукту этият болууга чакырды.

Өлкөнүн түндүк аймактарында абанын температурасы 30 градуска чейин төмөндөп, жээк аймактарында катуу шамал боюнча эскертүүлөр берилди.

 



Тектеш кабарлар