Кытай космоско үч байкоочу спутник учурду

Таййюн спутник учуруу борборунан учурулган спутниктер Long March-4B ракетасы менен мурунтадан пландалган орбиталарына жиберилди

1268178
Кытай космоско үч байкоочу спутник учурду

Кытай космоско бирөөсү чоң, экөөсү кичине болгон үч байкоочу спутник учурду.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда өлкөнүн Шаанши аймагындагы Таййюн спутник учуруу борборунан учурулган спутниктер Long March-4B ракетасы менен мурунтадан пландалган орбиталарына жиберилди.

Спутниктерден Кытай космостук технология академиясы тарабынан чыгарылган Z-102D, табигый булактардын пайдаланылышы, экологиялык байкоо, апаатты алдына алуу, экологияны коргоо, шаар пландоо үчүн колдонулат.

Жерден 778 километр алыстыктагы орбитасында 5 жыл кызмат кыла турган Z-102D түрдүү шахталардан чагылган нурларды анализдей алат.

Эки менчик фирма тарабынан чыгарылган 16 килограммдык салмактагы башка эки кичине спутник болсо уюлдардын климаттарын иликтөө үчүн колдонулат.

Кызмат кылуу өмүрүнүн бир жыл экендиги белгилеген спутниктер уюлдун тегереги жана уюл аймактарындагы суулардын ысыктыгынын өзгөрүшү менен бирге глобалдык климаттык алмышуу тууралуу маалымат чогултат.



Тектеш кабарлар