Йеменде жарандарга карай болгон кол салуунун кесепеттери

Йемендеги Гуманитардык маселелерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) координатору Лизе Гранде,Йеменде жарандарга карай күч колдонуунун бардык түшүнүктөрдөн ашканын, мунун эч качан кечирилгис болгонун баса белгиледи.

1252283
Йеменде жарандарга карай болгон кол салуунун кесепеттери

Сауд Арабия баштаган араб коалициясынын Хажже провинциясында дүйшөмбү күнү 6сы баладан турган 12 кишинин өлүмүнө себеп болгон абадан чабуулунан кийин БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) Твиттер барагынан берилген маалыматта, Йеменде кыйыр же тикелей түрдө 320 миң киши өлтүрүлгөнү маалымдалды.

Йемендеги Гуманитардык маселелерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) координатору Лизе Гранде, Йеменде жарандарга карай күч колдонуунун бардык түшүнүктөрдөн ашканын, мунун эч качан кечирилгис болгонун баса белгиледи. Бул трагедиянын токтотулушу керектигине токтолгон Гранде: «Йемен калкынын бул кыйынчылыктарды тартуусунун эч бир себебеи жок. Үй-бүлөлөрдүн жакындары менен белгилей турган Курман Айт майрамында жакындары үчүн көңүл айтууларды угуулары абдан кайгылуу нерсе»,-деп айтты.

Көп убакыттан бери саясий ыраатсыздык өкүм сүргөн Йеменде хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болуп жатат.

Хусилер 2014-жылы сентябрдан бери борбор шаар Сана жана айрым аймактардын көзөмөлүн колунда кармаса Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалициялык күчтөр болсо 2015-жылдын март айынан бери хусулерге каршы Йемен өкмөтүн колдоодо.

Йеменде орто эсеп менен 5 жыл бою уланган кагылышууларда миңдеген киши каза тапты. Дүйнөнүн эң кедей өлкөлөрүнүн арасында орун алган Йеменде жарандык согуштун себебинен күчөгөн адамзат кризиси да коркунучтуу өлчөмгө жетти.



Тектеш кабарлар