Мадуро Венесуэланы аскердик кийлигишүү менен коркуткан Трампты сынга алды

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Борбор шаар Каракастагы президенттик сарайы Мирафлорестен күн тартип тууралуу маалымат берди.

1145097
Мадуро Венесуэланы аскердик кийлигишүү менен коркуткан Трампты сынга алды

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөсүн жаңы аскердик кийлигишүү менен коркутканын белгилеп, «Бүткүл дүйнөнүн биз менен колдошуусун каалаймын»,-деди.

Борбор шаар Каракастагы президенттик сарайы Мирафлоресте вице-президент Делси Родригес менен айыл чарба жана жер министри Вильмар Кастро Сотельдо болуп өлкөнүн ар башка аймактарындагы талаа чарба жана мал чарбачылык долбоорлорун түз видео байланыштар менен текшерген Мадуро, бул жерден күн тартип тууралуу маалымат берди.

Трамптын өзүнөн «Венесуэлага аскердик чечүүчү жолдун ыктымалдуу болуп болбогону» суралганда, «Бир топ чечүүчү жол сунушу бар. Бардык альтернативаларга баа берүүдөбүз» деп жооп бергенин эске салган Мадуро: «АКШнын президенти Венесуэланы кайрадан аскердик кийлигишүү менен коркутту. Бүткүл дүйнөнүн биз менен колдошуусун каалаймын»,-деп айтты.

«АКШнын Венесуэланы көзөмөлгө алуу аракетине» каршы элдин тарыхый баатырдыкты көрсөткөнүн айткан Мадуро, кандай болсо дагы Венесуэлага урмат-сый көрсөтүлүшүн камсыздай тургандарын айтты.

Мадуро: «Биз эч кимдин кулу, кайырчысы эмеспиз. Биз, эркин аял жана эркектербиз. Жан дөйнөбүздөгү бул зор ар-намыс биздин эң чоң шыктандыруубуз жана канагаттануубуз болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар