Патрик Шанахан Эшреф гани менен жолугушту

АКШнын коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан Афганстанда президенти Эшреф Гани менен жолугушуп өлкөсүнүн Афганстан стратегиясы тууралуу пикирлерин билдирди.

1143647
Патрик Шанахан Эшреф гани менен жолугушту

АКШнын коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан Афганстанда президенти Эшреф Гани менен жолугушуп өлкөсүнүн Афганстан стратегиясы тууралуу пикирлерин билдирди. Шанахан мурунку күнү эч бир расмий билдирүү берилбестен Афганстанга сапар менен барды.

АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун пресс-секретары майор Шон Робертсон сапар тууралуу берген маалыматында : «Коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан президент Трамптын Түштүк Азия стратегиясынын ишке ашышы тууралуу Афганстанга болгон көз карандылыгыбызды кайталоо үчүн президент Эшреф Гани менен президенттик сарайда жолугушту»,- деди.

Шанахандын Гани менен АКШ жана Афганстандын ортосундагы коргоо боюнча карым- катнаштардын да каралгандыгына көңүлдөрдү бурган майор Робертсон Афганстандагы согуштун чечилиши үчүн АКШ менен Афгнастандын коопсуздук кызматташуусунун маанисине басым жасашкандарын белгиледи.

Шанахандын сапары АКШнын Афганстандан чыгуусу тууралуу айтылгандар жана АКШнын Афганстан атайын өкүлү Залмай Халилзаддын Талибан менен жолугушуусуна карата талаш- тартыштардын ортосунда ишке ашты.

Пентагон мындан мурда Афганстандан чыгууга карата эч бир жолдомо албагандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар