Филиппиндердеги кызамык эпидемиясы

Филиппиндерде ылдам жайылган кызамык менен жылдын башынан бери жетимиш киши каза тапты.

Филиппиндердеги кызамык эпидемиясы

CNN Philippinesтин кабарына караганда саламаттык сактоо министри Франсиско Дуке жалпы өлкөдө эпидемиядан улам эң аз 70 кишинин каза болгондугун, орулуу санынын 4 миң 302 экендигин белгиледи.

Кызамык менен ооругандардын 30 пайызынын борбор шаар Манила жана тегерегиндеги отурукташуу жеринде экендигин айткан Дуке бул катнаштын Калабарзон аймагында 25 пайыз экендигин белгиледи.

Министрликтин маалыматына караганда 2018 -  жылдын биринчи үч чейрегинде жалпы өлкөдө 960 миң 457 баланын эмделбегендиги ортого салынып, андан мурунку бир жылдын ошол эле мезгилинде 855 миң баланын эмдөөсүз экендиги билдирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери 1 – 19  - январь күндөрү борбор шаар Манилада 196 кызамык орулуусунун бар экендигин, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бул сандын 20 гана экендигин билдирген болчу. Өлкөдө кызамык эмдөөсү болбогон 2, 4 миллионго жакын баланын риск группасында экендиги билдирилген болчу.

Температура, жөтөл, мурундун агышы, көздүн кызарышы менен башталган кызамык кулак инфекциясы, ич өткөк, пневмония, мээге зыян кетүү менен бирге өлүмгө да  себеп болушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар