Африка өлкөлөрү кыйынчылыктарга карабастан каалгаларын качкындарга жапкан жок

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада өткөн жана быйыл «Качкындар жана жеринен мажбурланып көчүрүлгөндөр» темасы менен чогулган 32-Африка Биримдигинин Лидерлер саммттинде сөз сүйлөдү.

Африка өлкөлөрү кыйынчылыктарга карабастан каалгаларын качкындарга жапкан жок

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, Африка өлкөлөрүнүн тарткан кыйынчылыктардын бардыгына карабастан каалгаларын качкындарга ачык кармагандарын айтты.

Гутерриш, Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада өткөн жана быйыл «Качкындар жана жеринен мажбурланып көчүрүлгөндөр» темасы менен чогулган 32-Африка Биримдигинин Лидерлер саммттинде сөз сүйлөдү.

Гутерриш, качкындарга каалгаларын жапкан Европа өлкөлөрүнө Африканы эске салды.

Гутерриш: «Материктин өзүнүн социалдык, экономикалык жана коопсуздук кыйынчылыктарына карабастан, Африка өкмөттөрү жана эли чек араларын жана капкаларын миллиондогон адамга ачык кармады. Тилекке каршы бул үлгүдөн бардык жерде сабак алынбай жатат»,-деп айтты.

БУУ жана Африка биримдигинин алдында үч маанилүү маселе турганын айткан Гутерриш, булардын тынчтык жана коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана климат өзгөрүшү болгонун айтты.

Африка Биримдигинин 2020-жылдан тарта «куралдардан ок чыгарбоо» күн тартибинин барган сайын жайылганына басым жасаган Гутерриш, жүргүзүлгөн дипломатиянын жыйынтык бере баштаганын белгилей кетти.



Тектеш кабарлар