Нигерияда ласса ысытмасы

Нигерия өкмөтү ласса ысытмасынан улам өлкөдө «чукул абал» жарыялады.

1132472
Нигерияда ласса ысытмасы

Нигерияда жаныбарлардан адамдарга өткөн жана өлүмчүл болушу мүмкүн болгон «Ласса ысытмасынан» 16 киши каза болду.

Өлкөдөгү саламаттык сактоо жетекчилери тарабынан берилген маалыматка караганда 8 аймакта 60 оорулуунун аныкталгандыгы белгиленди.

Нигерия өкмөтү ласса ысытмасынан улам өлкөдө «чукул абал» жарыялады. Чычкандын тезеги аркылуу жугуп жана өлүмчүл боло алат.

Жетекчилер элге гигиеналык жактан таза болууга, чычкан жана башка кемирүүчү жаныбарлардан алыс болууну сунуш кылды.

 



Тектеш кабарлар