Кытай тектүү австралиялык жазуучу Кытайда жоголду

Кытай тектүү австралиялык жазуучу жана мурунку дипломат Янг Хынгжюнден Нью  - Йорктон Кытайга кеткенден бери кабар алына албай жатат.

1131510
Кытай тектүү австралиялык жазуучу Кытайда жоголду

 Кытай тектүү австралиялык жазуучу жана мурунку дипломат Янг Хынгжюнден Нью  - Йорктон Кытайга кеткенден бери кабар алына албай жатат.

БиБиСинин кабарына  караганда Сиднейде жашаган илимпоз Фенг Чонгйи Янгдын өткөн ишемби күнү Нью -  Йорктон Гуангчоуга баргандыгын жана  ал күндөн бери кабар ала алышпагандарын билдирди.

Фенг Янгдын кытайлык жетекчилер тарабынан камоого алынышы мүмкүн экендигинен тынчсызданууда.

Кытайлык жетекчилер бул тууралуу маалымат бербестен, Австралиянын тышкы карым  - катнаштар жана соода мекемеси Кытайда жоголгондугу кабар берилген Австралия жараны тууралуу маалымат алууга аракет кылынып жаткандыгын жарыялады.

Янгдын Кытайга Кытай жараны болгон жубайы Юан Руи Жуан жана өгөй уулу менен кеткендиги болжолдолууда.

АКШда жашаган Австралия жараны Янг Хынгжүнүн Кытай Коммунисттик партиясын сынга алгандыгы жана 2011 – жылы Кытайга барганда да кыска убакыт жоголгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар