Пакистандагы жол кырсыгынан 24 киши каза тапты

Пакистанда автобус менен танкер кагылыша кетип 24 киши каза тапты.

1130485
Пакистандагы жол кырсыгынан 24 киши каза тапты

Пакистанда автобус менен танкер кагылыша кетип 24 киши каза тапты.

Пакистан басма сөзүндө орун алган маалыматтарга караганда өлкөнүн түштүгүндөгү Синдх провинциясында орун алган Карачиден Белужистандын Панжур аймагына бара жаткан жана 40 киши орун алган жүргүнчү автобусу, каршы тараптан келе жаткан мунай зат танкери менен кагылыша кетти.

Кырсыкта алгачкы белгилөөлөргө караганда 24 киши каза болду, 5и оор 16 киши жаракат алды.

Аймактагы ооруканалардын көлөмүнүн жетишсиз болушунун себебинен жаралуулар Карачиге көчүрүлдү, бирок жетиштүү тез жардам унаасы болбогону үчүн кечигүүлөр болду.

Кырсыктан кийин танкердеги мунай заттын да жайылышы менен эки унаа өрттөндү.

Окуя болгон жерге барган өрт өчүргүчтөр, өрттү өчүрүп жаралууларды куткарууга аракет кылды.

Өлкөдө август айында бир жүргүнчү автобусу менен танкер кагылышып, кырсыкта 18 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар