Израиль Сириядагы Иранга таандык күчтөргө кол салды

Израиль армиясы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, «Израилдин коргонуу армиясы, учурдан тарта Сирияда Фейлак ал-Кудска таандык жерлерди бутага алып атууда»,-деп берилди.

1129749
Израиль Сириядагы Иранга таандык күчтөргө кол салды

Израиль армиясы Сириянын территориясында Ирандын төңкөрүшчүл гвардиясына караштуу атайын күч Фейлак аль-Кудска таандык жерлерге абадан кол салды.

Армия тарабынан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, «Израилдин коргонуу армиясы, учурдан тарта Сирияда Фейлак ал-Кудска таандык жерлерди бутага алып атууда»,-деп берилди.

Анда, Сирия режими, Израилдин жерлерин же күчтөрүн бутага алуусуна каршы эскертилди.

Бир тараптан Сириянын маалымат агенттиги САНАнын аскердик жооптуу кызматкерге таянып берген кабарында, Израилдин кургактыктан жана абадан башкарылган ракеталар менен Сириянын территориясына кол салганы, Сириянын абадан коргонуу системаларынын кол салууга бөгөт болгону жана ракеталардын көбүн буталарга жеткирбей атып түшүргөнү белгиленди.

САНАда мындан мурда орун алган кабарда болсо Изралдин аты аталган кол салуусун Ливандын жерлери, Эл-Желил жана Табериййе Гөлү аркылуу ишке ашырганы, бирок абадан коргонуу системаларынын ракеталардын ондогонун жок кылганынын маалыматы орун алды.

Ракеталардын жок кылынуусуна байланыштуу видео көрүнүштөр бөлүшүлдү.

Израиль армиясы кечээ кечинде, Голан дөбөлөрүнүн түндүгүнө бир ракета атылганын жана мунун «Темир куполь» абадан коронуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн жарыялаган.

Премьер-министр Беньямин Нетаньяху өткөн аптада, Израиль армиясынын акыркы 36 сааттын ичинде Дамаскта арасында Иранга таандык курал кампалары да орун алган «Иранга жана Хизбуллахка таандык» жерлердин атылганын айтып, Израилдин мындан мурда да ушуга окшогон чабуулдарды кылганын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар