Пакистан 1, 6 миллион долларлык чач экспорттоду

Кытайга 105 килограмга жакын чач сатылды.

1128684
Пакистан 1, 6 миллион долларлык чач экспорттоду

Пакистан соода, текстиль, өнөр жай, өндүрүш жана инвестиция министри Абдул Разак Давуд Пакистандын акыркы 5 жылда 1, 6 миллион долларлык адам чачын экспорттогондугун билдирди.

Парламентте депутаттарга маалымат берген Давуд эң көп Кытай, АКШ жана Бириккен Араб Эмирликтерине сатылгандыгын белгиледи.

Эң көп чач сатылган Кытайга 105 килограмга жакын чачтын сатылгандыгын белгилеген Давуд бул экспорттон 132 миң доллар жана жалпы экспорттон 1, 6 миллион доллар киреше алгандарын билдирди. Пакистан чач экспорттогон өлкөлөрдүн ортосунда бешинчи орунда турат.

Дүйнөлүк чач экспортунун 20 пайызын аткарган Пакистандын алдында АКШ, Индия, Гонконг менен Сингапур бар.

Эң көп чач экспорттогон өлкө АКШ дүйнөлүк чач экспортунун 42 пайызын аткарууда. Чачтар эң көп парик жасоодо колдонулууда.

 



Тектеш кабарлар