Трамп менен Ким Чен Ын экинчи ирет жолугабы?

Дипломатиялык булактарга таянган маалыматта, Трамптын түндүк кореялык элчи менен жолугуусу күтүлгөнүнүн маалыматы бөлүшүлдү.

1128024
Трамп менен Ким Чен Ын экинчи ирет жолугабы?

АКШнын президенти Дональд Трамп, бир канча күндүн ичинде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Вьетнамда өтө турган экинчи саммитти жарыялашы мүмкүн.

Вашингтон Постто орун алган кабарда, бул аптада АКШга келиши күтүлгөн Түндүк Кореянын жумушчу партиясынын борбордук комитетинин төрага орун басары Ким Йонг-Чол менен боло турган жолугушууну улай Трамптын Түндүк Кореянын лидери менен боло турган экинчи саммитти жарыялай турганы белгиленди.

Ким Йонг-Чолдун сапарында Түндүк Кореянын лидеринен АКШнын президентине кат алып барышы күтүлгөн кабарда, Трамптын бир канча күндүн ичинде Ким менен чоң ыктымалдуулук менен март же апрелде Вьетнамдын Данаң шаарында боло турган экинчи саммиттин кабарын бере турганын белгиледи.

Дипломатиялык булактарга таянган маалыматта, Трамптын түндүк кореялык элчи менен жолугуусу күтүлгөнүнүн маалыматы бөлүшүлдү.

Кабарда айрыкча аты аталбаган бир Ак үйдүн жооптуу кызматкеринин: «Түндүк Кореянын так жана толук түрдө тактала элек түрдө ядролук куралдардан тазаланышы темасында жылышка жетишүүгө аракет кылуудабыз жана Президент, белгилене турган бир жер жана убакытта Түндүк Кореянын лидери Ким менен экинчи саммитте кайра жолугушуусун абдан күтүүдөбүз»,түрүндөгү билдирүүсүнө орун берилди.

Түштүк Корея басма сөзүндө бул аптада чыккан маалыматтарда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин төрага орун басары Ким Йонг-Чолдун бул аптада Вашингтондо жолугушуусу күтүлүп жатканы баяндалган.



Тектеш кабарлар