Хорватия Израилден согуштук учак сатып алуу чечимин жойду

Хорватиянын коргоо министри Дамир Кристижевич, жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында учак сатып алуу боюнча чечимди жойгондорун жарыялады.

Хорватия Израилден согуштук учак сатып алуу чечимин жойду

Хорватия өкмөтү, Израилден 12 даана колдонулган F-16 согуштук учак сатып алуу тууралуу чечимин жойду.

АКШнын аты аталган учактарда орун алган жана өзүнө таандык технологиянын, үчүнчү бир өлкөгө өткөрүлүшүн бекитпегени боюнча келип чыккан маселе, сатып алууга байланыштуу чечимдин жоюлушуна себеп болду.

Израилдин Коргоо министрлигинен бир делегация, Хорватиянын борбор шаары Загребге барып Коргоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери менен жолукту.

Хорватиянын коргоо министри Дамир Кристижевич, жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында учак сатып алуу боюнча чечимди жойгондорун жарыялап, бул абалдын өлкөсүнө кандайдыр бир материалдык зыян алып келбей турганын айтты.

Кристижевич, мындан мурда макулдашылган F-16 согуштук учактарын сатып алуу боюнча АКШ уруксат бербегенинин Израиль делегациясы тарабынан өздөрүнө билдирилгенин айтып, «партнер өлкө» деп атаган Израиль менен кызматташууга ачык экендиктерин кошумчалады.

Хорватиянын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши 2018-жылдын 27-мартындагы жыйналышында Израилден 12 даана колдонулган F-16 согуштук учак сатылып алынышына чечим чыгарган, бул чечим өкмөтү тарабынан бекитилген болчу.

Учактардын алгачкы экөөнүн 2020-жылы, алтоонун 20121-жылы, калган төртөөнүн 2022-жылы тапшырылышы көздөлгөн.

500 миллион доллардык тендердин алкагында хорват учкуч жана инженерлердин израилдиктер тарабынан окутулушу пландалып жаткан.



Тектеш кабарлар