Иран АКШнын каалаганындай боло албайт

Жевад Зариф, мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Иран тууралуу билдирүүлөрүнө социалдык медиа каражаты аркылуу жооп берди.

Иран АКШнын каалаганындай боло албайт

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф, өлкөсүнүн АКШнын талап кылганы сыяктуу «нормалдуу» мамлекет болбой турганын белгилеп, Вашингтон башкаруучулугунун Тегеранды жоготконун моюнга алышы керектигин айтты.

Жевад Зариф, мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Иран тууралуу билдирүүлөрүнө социалдык медиа каражаты аркылуу жооп берди.

«Качан гана АКШ бир жерге кийлигишсе ал жерде баш аламандык, кысым жана жек көрүү болду»,-деп айткан Зариф, Помпеонун «Ирандан нормалдуу бир өлкө болушун талап кылгандары» жөнүндөгү билдирүүлөрүнө бул жоопту берди: «Иран, бир гана тозоктун торун муз басканда АКШнын кукла башкаруучулугун туурашы мүмкүн жана Майк Помпеонун адам укуктары моделдерин ишке ашырып «нормалдуу» өлкө абалына келе алсын, АКШнын бул жерде каалаганы Шах башкаруучулугу же учурдагы касапчы башкаруучулугу. Ошондуктан АКШнын Иранды жоготконун моюнга алышы жакшы болот».

АКШнын мамлекеттик катчысы Помпео, Жакынкы Чыгыш турунун биринчи аялдамасы болгон Иорданиядагы жарыясында, Ирандан «нормалдуу» өлкө болушун каалагандарын белгилеп: «Иранга карай кысымды бир гана дипломатиялык тармакта эмес, соода тармагында дагы эки эсеге чыгарабыз»,деген.



Тектеш кабарлар