Иорданиядан Иранга чакыруу

Иордания Иран тарабынан камоого алынган 3 иорданиялыктын эркин койо берилишин талап кылды.

Иорданиядан Иранга чакыруу

Иордания Перс булуңунун жакындарында ууга чыгып жаңылыштык менен Иран жээк сууларына кирген жана Иран тарабынан камоого алынган 3 иорданиялыктын эркин койо берилишин талап кылды.

Иорданиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Зейд  ел  -  Левзи Ирандын Амман элчиси Мужтеба Фирдавс менен жолугушуп өлкөсүнүн Иранда камоого алынган 3 иорданиялыктын дароо эркин койо берүү талабын билдирди.  

Ирандык элчи иорданиялыктардын саламаттыгынын жакшы экендигин, өлкөсүнүн бул 3 киши тууралуу мыйзамдуу процессти ылдамдатууга жана эркин койо берүүгө аракет кылгандыгын билдирди.

Иорданиянын тышкы иштер министрлиги 2018 -  жылы 27 -  декабрда Перс булуңунун жакындарында ууга чыккан учурда кемелери менен бирге жоголуп кеткен 3 иорданиялык балыкчынын Иран тарабынан камоого алынгандыгын билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мажид  - ел  -  Катарине берген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Тегерандагы элчилигибиз Бириккен Араб Эмирликтеринин жээк сууларында башка араб өлкөлөрүнөн достору менен балык уулап жаткан учурда  жаңылыштык менен Иран жээк сууларына кирген 3 иорданиялыктын Иранда камоого алынгандыгын билдирди»,- деген.



Тектеш кабарлар