Грециянын премьер-министри февраль айында Түркияга келет

Алексис Ципрас,февраль айында Түркияга келе турганын жарыялады.

Грециянын премьер-министри февраль айында Түркияга келет

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас,февраль айында Түркияга келе турганын жарыялады.

Алексис Ципрас, Грециянын Open TV каналына берген маегинде президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча пландалган Түркия сапары тууралуу «Февраль айынын башында Түркияга барамын. Бирок азырынча күн белгилене элек»,-деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш каналдарынын өзгөчө маселе болгон убактарда ачык болушу керектигине көңүл бурган Ципрас: «Эрдоган менен бул каналдын ачык калышы маанилүү, анын үстүнө маселе бар болсо. Ансыз деле өзү менен 2-3 айда бир эл аралык жыйналыштарда жолугушуудамын. Анткени жакын байланыш, өзгөчө эң жогорку деңгээлде абдан маанилүү»,-деп айтты.

Бул учурда грек премьер-министри, өкмөттүн коалициялык өнөктөшү ANELдин, Македония менен «ысым келишиминин» себебинен өкмөттөн колдоосун тарткан учурунда  ишеним добушун талап кыла ала турганын жана колдоо таппаса мөөнөтүнөн мурда шайлоого бара тургандарын да айтты.

 



Тектеш кабарлар