Египетте нефть кудугунда өрт чыкты

Өрттө каза болгон же жаралангандын болбогондугу белгиленди.

Египетте нефть кудугунда өрт чыкты

Египетте жарандык коргонуу топтору өлкөнүн түндүк чыгышындагы бир нефть кудугунда чыккан өрттү узун убакыттан бери өчүрүүгө аракет кылды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Египеттин түндүк  - чыгышында Рас Сидр шаарынын 35 километр түштүгүндөгү бир нефть кудугунда өрт чыкты. Армиянын да колдоосу менен жарандык коргонуу топтору өрттү өчүрүү үчүн 12 саат аракет кылды.  

Кудуктун тереңдиги жана ичиндеги нефть көп болгондуктан өрттүн азырда өчүрүлө электиги билдирилди. Өрттө каза болгон же жаралангандын болбогондугу белгиленди.

 



Тектеш кабарлар