Түндүк Кипр Түрк Республикасында сел жүрдү

Селде 3 киши каза тапты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында сел жүрдү

Түндүк Кипр Түрк Республикасында катуу бороон жана жамгыр жаашы жол ачкан селде 3 киши каза болду.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында эки күндөн бери катуу болгон бороон жана ашыкча жааган жамгырдан улам көп сандаган үй, иш жерлери жана унаалар зыян тартты.

Жоголгон кишилер үчүн изилдөө – куткаруу иштери улантылып, Гирнеде мейманканада калган туристтер да өрт өчүргүч унаалары менен куткарылды.

Метеорология директорлугу бороон жана жамгыр жаашынын бүгүн кечинде таасирин арттырарын белгилеп, элди эскертти. Мектептер бир күндүк эс алууга чыкты.



Тектеш кабарлар