«Ата Буш» үчүн жаназа зыйнаты

АКШнын 94 жашта каза болгон 41 -  президенти Жорж Герберт Уокер Буш үчүн борбор шаар Вашингтондо «мамлекеттик жаназа зыйнаты» өткөрүлдү.

«Ата Буш» үчүн жаназа зыйнаты

АКШнын 94 жашта каза болгон 41 -  президенти Жорж Герберт Уокер Буш үчүн борбор шаар Вашингтондо «мамлекеттик жаназа зыйнаты» өткөрүлдү.

Тексаста 30 -  ноябрда каза болгон Буштун жаназасы дүйшөмбү күнү Вашингтонго алып барылды. Мурунку күнү Конгрессте өткөрүлгөн салтанаттан кийин Буштун жаназасы эрте мененки сааттарда салтанат менен бул жерден алынды.

Ак үйдүн алдынан өткөн салтанат конвоюу «Ата Буш» деп да билинген АКШнын мурунку президентинин сөөгү «мамлекеттик жаназа зыйнаты үчүн» Вашингтондогу Улуттук соборго алып келинди.

Салтанатка президент Дональд Трамп, мурунку президенттерден Жимми Картер, Билл Клинтон, Барак Обама менен жубайлары жана көп сандаган чет элдик лидерлер катышты.

Диний ырлар аткарылган салтанатта Буштун небрелери, Канаданын мурунку премьер  - министри Брайан Малруни жана тарыхчы Жон Мешам сөз сүйлөдү.

Ата Буштун  мактоо жазуусун уулу жана АКШнын мурунку президенти Жорж Уокер Буш окуду.



Тектеш кабарлар