Могерини менен Хан Түркияга келет

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерика Могерини менен Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Йоханнес Хан 22 - ноябрда Анкарада жолугушууларды өткөрүшөт.

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар кызматынан берилген маалыматка караганда Могерини менен Хан Анкарада "Түркия  -  Европа Биримдиги жогорку саясий диалог" жыйынына катышат.  

Бир тараптан тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун жетекчилигиндеги түрк делегациясы менен Европа Биримдиги делегациясынын ортосунда өтө турган жолугушууларда Түркиянын кошулуу процесси менен бирге экономика, соода, финансылык кызматташтык, энергетика, Бажы Биримдиги, коопсуздук темалары, террор менен күрөш, миграция жана виза эркиндиги сыяктуу Европа Биримдиги менен  карым   - катнаштардагы негизги темалардын каралары билдирилди. Андан тышкары Балкандар, Сирия, Ирак жана Жакынкы Чыгыш процесси башта болгон аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушары белгиленди. 

Тектеш кабарлар