Индияда "Гажа" бороону

Бороондо 23 киши каза тапты.

Индияда "Гажа" бороону

Индиянын түштүгүндө болгон бороондо 23 киши каза тапты. 

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда Тамил Наду аймагынын жээк жактарында болгон "Гажа" бороонунда көп сандаган үйдүн  зыян тарткандыгын жана 82 миңден ашуун кишинин аймактан эвакуациялангандыгы билдирилди. 

Тамил Наду аймагынын премьер  - министри Едаппади К Паланнисывми изилдөө  - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын, бороондон зыян тарткандарга бардык жардамдын берилерин айтты. 

Шамалдын ылдамдыгы саатына 110 - 120 километрге жеткен бороондон улам аймакка электр берилбестен мектептерде билим берүү убактылуу токтотулуп, балыкчылар да деңизге чыкпоо боюнча эскертилди. 

 

 



Тектеш кабарлар