Израиль аскерлери жаралаган палестиналык жигит каза тапты

«Улуу жүрүш» митингдери учурунда Израиль аскерлери атып жараланган палестиналык жаш жигит шейит болду.

Израиль аскерлери жаралаган палестиналык жигит каза тапты

Блокада астындагы Газа тилкесинин чек арасында эки жума мурда өткөрүлгөн тынчтыкчыл «Улуу жүрүш» митингдери учурунда Израиль аскерлери атып жараланган палестиналык жаш жигит шейит болду.

Газадагы саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки жума мурда Хан Юнус аймагында өткөрүлгөн тынчтыкчыл «Улуу жүрүш» митингдеринде жараланган жана Газадагы Европа ооруканасында дарыналып жаткан Ахмед Халид ен Нежжардын шейит болгондугу белгиленди.

Палестиналыктар 30 -  марттан бери блокада астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Улуу жүрүш» деген аттын астында тынчтыкчыл митингдерди өткөрүүдө.

Израиль аскерлери болсо «сүргүнгө айдалган жерлеринен кайра кайтууну жана 2006 -  жылдан бери Газага жасалган мыйзамсыз блокаданын жоюлушун» талап кылган жарандык калкка карата чыныгы окторду атууда.

Израиль аскерлеринин 30 -  марттан бери улантылып келе жаткан тынчтыкчыл митингдерге кийлигишүүсүндө 200дөн ашуун палестиналык шейит болду.

 



Тектеш кабарлар