Террорду жактоочулардын Страсбургдагы зомбулук кыймылдары

Франциянын Страсбург шаарында акция уюштурган жикчил террор уюму ПККны жактоочулар, Европа кеңеши жана Европанын адам укуктары сотунун имараттарына кол салды.

Террорду жактоочулардын Страсбургдагы зомбулук кыймылдары
Террорду колдогондор, Страсбург окуялары
Террорду колдогондор, Страсбург окуялары

Террорду колдогондор, Страсбург окуялары

Франциянын Страсбург шаарында акция уюштурган жикчил террор уюму ПККны жактоочулар, Европа кеңеши жана Европанын адам укуктары сотунун имараттарына кол салды.

Аты аталган имараттарга күч менен кирүүгө аракет кылган террорду жактоочуларды полициянын таяк менен сабап жана көздөн жаш агызуучу газ чачып токтотууга аракет кылганы көрүндү.

Жандармериянын 7 кызматкерин жаралаган террорду колдоочулардан 14ү кармалды.

Террорист корбашчысы Абдуллах Өжаландын абакта кармалуу шарттарына нааразылык көрсөтүү максатында Европа Кеңешинин алдында акция уюштурган жикчил террор уюмунун жактоочулары зомбулук кылып чөйрөгө зыян тийгизди.

Коопсуздук күчтөрү Европа Кеңеши жана Европанын адам укуктары сотунун имараттары орун алган көчөлөрдү жапты. Акцияда бир топ Кеңеш жана Сот имараттарын көздөй жүрүшкө чыгып бул жерди кайтарган полицияларга таш жана таяктар менен кол салышты.

Франция менен катар Германия, Швейцария жана башка чөйрөдөгү өлкөлөрдөн Страсбургга барган террорду жактоочулардын алгач ирет полиция тосмосун ашып өтүп Европа Кеңеши, Европанын адам укуктары сотунун имараты жана чөйрөдөгү эл аралык уюмдардын имараттарына кирүүгө аракет кылгандары, бул имарат жана чөйрөсүнө зыян тийгизгени билдирилди.

Страсбургдун коопсуздук уюму, митингчилер ыргыткан таш жана коркунучтуу заттардын себебинен жандармериянын 7 кызматкери жаракат алганын жарыялады.

Шаардын көчөлөрүн согушка айланткан террорду колдоочулардын айынан Европа бульварынан орто эсеп менен бир сааттай унаа жүрө албай, трамвай жана автобус каттамдары да жоюлду.



Тектеш кабарлар