Америкалык сенаторлор саудиялык журналисттин өлтүрүлүшүнө Салман буйрук бергендигин жакташууда

Сауд Арабия башкаруучулугу, 2-октябрда Стамбулдагы Башкы консулдукка киргенден кийин дайыны чыкпай калган Кашыкчынын «консулдук имаратында чыккан кагылышуудан кийин каза болгонун» жарыялаган болчу.

1072990
Америкалык сенаторлор саудиялык журналисттин өлтүрүлүшүнө Салман буйрук бергендигин жакташууда

Америкалык сенатор Рэнд Пол, Сауд мураскор канзаада Бин Салмандын журналист Кашыкчынын өлтүрүлүү процессинин бир бөлүгү болбогонун ойлоо макоолук боло турганын айтты.

Кентакинин сенатору Рэнд Пол, Дональд Трамп өкмөтүн жактаган телеканал Fox TVда саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу маалымдоо жасады.

Пол: «Мураскор канзааданын (Мухаммед бин Салман) бул окуяга кийлигишкенин кескин түрдө сезүүдөмүн»,-деп айтып: «Мураскор канзааданын бул процесстин бир бөлүгү болбогонун ойлоо макоолук болот»,деген серебин салды.

Кашыкчы окуясы тууралуу буйруктун Бин Салман тарабынан берилгенин белгилеген Пол: «Мураскор канзаададан уруксат албастан 15 кишинин бирөөнү өлтүрүү максатында Түркияга баруусунун эч бир ыктымалдуулугу жок»,-деп айтты.

Пол, Сауд Арабияга куралдардын сатылуусунун токтотулушу керектигин белгилеп: «Алар менен, биз менен шериктеш болууну каалап каалабаганын сүйлөшүүбүз керек»,-деди.

Сенатор Пол, «Кашыкчынын өлүмү тууралуу Сауд Арабиянын даярдаган отчетуна ишенесизби?» деген суроого «Кескин түрдө жок. Кемсинтүүчү»,-деп жооп берди.

Республикалык партиянын сенатору Боб Коркер болсо CNN каналына берген маалыматында, Бин Салмандын кашыкчынын өлтүрүлүшү окуясынын бир бөлүгү болгонун айтты.

«Менин оюмча Мухаммед бин Салман мунун бир бөлүгү, ал берген буйруктан кийин бул киши (Кашыкчы) атайылап өлтүрүлдү»,-деп айткан Крокер, бул ишке аралашкан ар кимдин жазаланышы керектигин айтты.

NBC каналына маалымат берген Демократ партиядан сенатор Ричард Дурбин болсо Сауд Арабиянын Вашингтондогу элчисинин расмий түрдө өлкөсүнө жөнөтүлүшү керектигин жактады.

CNN каналына маалымат берген Том Тиллис да, Сауд Арабияга катуу жооп берүүлөрү керектигине басым жасап: «Бул окуяны акырына дейре байкашыбыз керек. Сауд Арабияда жогору жактан буйрук албастан ушундай окуяга киришүүгө болбойт. Жооптуу киши табылып, жообу алынышы керек»,-деп айтты.

Республикалык партиянын маанилүү ысымдарынан Линдси Грэм дагы: «Мени, бул окуяны Бин Салмандын кылдырбаганына эч качан ишендире албайсыңар»,-деди.

Демократиялык партиянын өкүлү Адам Шифф болсо, Кашыкчынын өлтүрүлүшү 2 өлкөнүн ортосунда чыңалууга себеп боло турганына басым жасап, «Курал сатууну токтотушубуз керек жана аскердик колдоону дагы артка тартышыбыз керек. Сауд Арабия менен карым-катнаштарыбызды олуттуу түрдө карап чыгышыбыз зарыл»,-деп айтты.

Сауд Арабия башкаруучулугу, 2-октябрда Стамбулдагы Башкы консулдукка киргенден кийин дайыны чыкпай калган Кашыкчынын «консулдук имаратында чыккан кагылышуудан кийин каза болгонун» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар