Интерпол дүйнөлүк масштабда операция жүргүздү

Интерполдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 17-сентябрдан 8-октябрга чейин «Lionfish» деп аталган дүйнөлүк масштабдагы баңги зат операциясын жүргүзгөнү белгиленди.

Интерпол дүйнөлүк масштабда операция жүргүздү

Эл аралык полиция уюмунун (Интерпол) 93 өлкөдө уюштурган операциясында 56 тоннадан ашык баңги зат колго түшүрүлдү, 1300 киши кармалды.

Интерполдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 17-сентябрдан 8-октябрга чейин «Lionfish» деп аталган дүйнөлүк масштабдагы баңги зат операциясын жүргүзгөнү белгиленди.

Анда, 93 өлкөдөгү операцияда 35 тонна кокаин, 5 тонна эроин, 15 тонна джут, 430 миң даана каптагон жана 18 миллион даана «яба» деп аталган синтетикалык баңги зат табылганы билдирилди.

Операцияларда 1300 киши кармалганынын маалыматы бөлүшүлгөн жарыяда, Нидерландияда синтетикалык баңги зат өндүргөн жашыруун үй табылганы белгиленди.

Операцияда Бразилиянын Сантос портунан Кот-д'Ивуарга алып барылышы үчүн кемеге жүктөлгөн 1,2 тонна кокаин табылганы жарыяланды.

Дүйнөлүк масштабда баңги зат менен күрөшүүнүн алкагында уюштурулган алгачкы операция болгон «Lionfish» операциясы Казакстан, Колумбия, Румыния, Зимбабве жана Сингапур болуп 5 борбордон координацияланганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар