Крымда катуу жарылуу болду

Орусиянын Улуттук террор менен күрөшүү комитетинин жарыясына караганда Крымда бир мектепте жарылуу жана куралдуу кол салуу болду.

Крымда катуу жарылуу болду

Орусия тарабынан аннекция кылынган Крымдагы бир мектепте жарылуу болуп 18 окуучу каза тапты.

Орусиянын улуттук террор менен күрөшүү комитетинин жарыясына караганда Крымда бир мектепте жарылуу жана куралдуу кол салуу болду.

Жергиликтүү тийиштүү кызматкерлер кол салууда 47 кишинин да жаракат алганын жарыялады.

Орусиянын териштирүү комитетинин билдирүүсүнө караганда жарылууга чачыроочу бомба себеп болгону белгиленди.

Кол салууну Крымдын Керч шаарынан Владислав Росляков аттуу 18 жаштагы окуучунун ишке ашырганын маалымдаган жергиликтүү органдар, кылмышкердин кол салгандан кийин жанын кыйганын айтты.

Орусиянын териштирүү комтети окуянын «кылмыш окуясы» катары каралганын белгиледи.

Анда, кол салууда каза болгондордун көбүнүн куралдуу кол салуунун себебинен каза болгондору айтылды.

Орусиянын президенти Владимир Путин дагы, окуя тууралуу алгачкы билдирүүсүндө кол салуунун чындыктары кеңири түрдө иликтене турганын жана териштирүүнүн жыйынтыгын коомчулук менен бөлүшө турганын айтты.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков, жарылуунун террордук кол салуу болуу ыктымалдуулугу изилденип жатканын билдирген.

Окуядан кийин алгачкы билдирүүдө жарылуу газдын кыпчылышынын себебинен болгону айтылган.

Крымда 3 күнгө аза күтүү жарыяланды.


Этикеткалар: жарылуу , Крымда , Орусия

Тектеш кабарлар