АКШ жоголгон журналистти териштирүүгө инспектор милдеттендирбегенин маалымдады

Дипломатиялык булактар, «Кашыкчы окуясы тууралуу АКШ тарабынын инспектор милдеттендиргени жөнүндө маалымат туура эмес»,деди.

АКШ жоголгон журналистти териштирүүгө инспектор милдеттендирбегенин маалымдады

Америка Кошмо Штаттарынын сауд журналист Жемал Кашыкчынын жоголгону тууралуу инспектор милдеттендиргени жөнүндө маалыматтын туура эмес экендиги билдирилди.

Дипломатиялык булактар, «Кашыкчы окуясы тууралуу АКШ тарабынын инспектор милдеттендиргени жөнүндө маалымат туура эмес»,деди.

АКШнын президенти Дональд Трамп, 2-октябрда Стамбулдагы Сауд Арабиянын Башкы консулдугуна киргенден кийин дайыны чыкпай калган оппозициячыл журналист Кашыкчы тууралуу берген маалыматында, «Ал жерде инспекторлорубуз бар. Түркия менен бирге иштеп жатабыз жана ачык айтканда Сауд Арабия менен иштеп жатабыз. Эмне болгонун табууга аргасызбыз»,-деп айткан.

Американын Fox телеканалына маалымат берген Трамп, бул теманы кылдат байкап жаткандарын, Түркия жана Сауд Арабия менен бул темада байланышып иштеп жаткандарын айткан.

Сауд реформисттер үчүн маанилүү платформа болгон «Ал Ватан» гезитине салым кошкон жана Батыш медиасында Жакынкы Чыгыш тууралуу маалыматтары менен таанылган Кашыкчы, 2-октябрда расмий катталууларын кылыш үчүн Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна киргенден кийин дайыны чыкпай калган.


Этикеткалар: Кашыкчы , инспектор , АКШ

Тектеш кабарлар