Трамп, сауд арабиялык жоголгон журналист тууралуу Түркия менен кеңешүүдө

Дональд Трамп, журналист Жемал Кашыкчынын тагдыры тууралуу маалымат берди.

Трамп, сауд арабиялык жоголгон журналист тууралуу Түркия менен кеңешүүдө

АКШнын президенти Дональд Трамп, сауд арабиялык жоголгон журналист Жемал Кашыкчы темасында Түркия менен жакын кеңешип жаткандарын белгиледи.

Дональд Трамп, журналист Жемал Кашыкчынын тагдыры тууралуу маалымат берди.

2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна киргенден бери дайыны чыкпай калган Вашингтон Пост гезитинин жазуучусу жана Сауд Арабиянын жараны Жемал Кашыкчынын жоголгону тууралуу жогорку рангадагы Сауд лидер менен сүйлөшкөнүн билдирген Трамп: «Бул абдан жаман абал»,-деп айтып сауд кызматкерлерден жооп күткөндөрүнө басым жасады.

Дональд Трамп, журналист Жемал Кашыкчы темасынын өздөрү үчүн «абдан маанилүү маселе» экенин белгилеп: «Жемал Кашыкчынын сүйлөшкөн кызын Ак үйдө көргүм келет»,-деп айтты.

Трамп, Кашыкчынын жоголгону боюнча терең тергөө жүргүзүлүшү керектигине басым жасап, сауд журналисттин консулдуктун ичине кирип бара жатканда көрүнгөнүн, бирок тышка чыкканы далилденбегенин эске салды.

Жемал Кашыкчынын жоголгону тууралуу Түркия менен жакын кеңешип иштеп жаткандарын белгилеген Трамп, бул маселенин соңуна чейин бара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар