Орус экономикасына рецессия эскертүүсү

Орусиянын эсептөө палатасынын төрагасы Алексей Кудрин санкциялар катуулаша турган болсо экономиканын рецессияга кириши мүмкүн экендигин айтты.

Орус экономикасына рецессия эскертүүсү

Орусиянын эсептөө палатасынын төрагасы Алексей Кудрин санкциялар катуулаша турган болсо экономиканын рецессияга кириши мүмкүн экендигин айтты. Кудрин Москвада өткөрүлгөн Орусия өнөр жайчылар жана демилгечилер биримдигинин жыйынында орус экономикасы тууралуу акыркы абалдардан сөз кылды. Орус экономикасы 3,5 пайыздык өсүүгө жетишсе да өлкөдөгү жакырдык катнашынын жетеринче төмөндөбөй тургандыгын айтты. Алексей Кудрин : «Өлкөбүздө жакырдык катнашы абдан жогору жана Орусиянын президенти В. Путин 2024 -  жылга чейин жакырдыкты 50 пайызга азайтуу жолдомосун берген»,- деди.

Орусияга карата санкциялар катуулаша турган болсо чыга турган кыйынчылыктарга көңүл бурган Кудрин : «Санкциялар катуулаша турган болсо Путин тарабынан белгиленген максаттар бир топ жактан аткарылбай турган абалга келет жана экономикабыз рецессияга кириши мүмкүн»,- деди.

Санкциялардан келип чыккан тобокелдиктерден улам  орус тышкы саясатынын жумшашы керектигин баса белгилеген Алексей Кудрин : «Ушул себептен бүгүн Орусиянын тышкы саясаты, башка өлкөлөр менен араздашууларды азайтууга жана санкциялардын азыркы учурдагы деңгээлде калышына же азайтылышына карата болушу керек»,- деди.

Өткөн жылы 1,7 балл өскөн орус экономикасынын бул жылы 1, 8 пайыздык деңгээлде өсүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар