Ирандын президенти Хасан Рухани ИМФнин төрайымы Кристин Лагард жолугушту

Рухани өлкөсүнүн дүйнөлүк акча фонддору жана ИМФ менен карым- катнаштарды өнүктүрүүгө кызыккандыгын айтты.

Ирандын президенти Хасан Рухани ИМФнин төрайымы Кристин Лагард жолугушту

Ирандын президенти Хасан Рухани АКШнын Нью-Йорк шаарында Эл аралык Акча Фондунун төрайымы Кристин Лагард менен жолугушту.

Иран президенттигинин интернет сайтынан берилген маалыматка караганда БУУнун башкы ассамблеясынын 73 -жыйынына катышуу үчүн Нью – Йоркко барган Рухани өлкөсүнүн дүйнөлүк акча фонддору жана ИМФ менен карым- катнаштарды өнүктүрүүгө кызыккандыгын, Ирандагы экономикалык программалардын алдыга жылдырылышында ИМФ менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрдөн пайдаланууну каалашкандарын белгиледи.

ИМФнин жетекчиси Лагард болсо милдеттеринин дүйнөдөгү финансылык ырааттуулуктун сакталышы жана экономикасынын өсүшү экендигин белгилеп, Иран менен түзүлө турган кызматташтыкта да бул тууралуу милдеттерин улантышарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар