Индияда болгон сел жана жер көчкү

Сел жана жер көчкүдө каза болгондордун саны 25ке жетти.

1056545
Индияда болгон сел жана жер көчкү

Индиянын түндүгүндө катуу жамгыр жаашы себеп болгон сел жана жер көчкүдө каза болгондордун саны 25ке жетти.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда полиция жетекчилери Индиянын түндүгүндө көп сандаган шаарда үйлөрдүн кулагандыгын, транспорттун аксагандыгын белгиледи.

Камму Кашмирде кечээ катуу жамгырдан улам болгон жер көчкүдө 5 киши каза болгон.

Индияда бул жылы муссон мезгилиндеги катуу жамгыр жаашы жол ачкан кырсык жана селдерде 1400дөн ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар