Ооганстандагы коогалаңдуу ай...

Ооганстанда акыркы бир ай коопсуздук күчтөрү үчүн эң коогалаңдуу ай болуп эсептелди.

Ооганстандагы коогалаңдуу ай...

Ооганстанда акыркы бир айда 513 коопсуздук кызматкери каза болду.

Коргоо министри Тарык Шах Бахрами, Парламентте сүйлөгөн сөзүндө акыркы бир айдын ичинде 513 коопсуздук кызматкери каза болгонун, 700дөн ашыгынын жаракат алганын айтты.

Бул мөөнөттүн ичинде 43 коопсуздук кызматкеринин террористтердин колуна туткунга түшкөнүн белгилеген Бахрами, айрыкча террористтердин жоготуусунун да акыркы бир айда коопсуздук күчтөрүнө караганда 3 эсе артканын маалымдады.

Коопсуздук күчтөрү үчүн эң кандуу айлардан бирин артка калтыргандарына басым жасаган Бахрами, каза болуулардын алдын алуу үчүн айрым пландардын үстүндө иштеп жаткандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар