Данияда түрктөргө кол салуу болду

Кол салууда каза болгондор болгон жок бирок токтоп турган унаалар зыян тартты.

1055691
Данияда түрктөргө кол салуу болду
danimarka saldiri1.jpg

Данияда бир группа түрк жаштарга маскалуу кишилер тарабынан ок атылды. Кол салууда каза болгондор болгон жок бирок токтоп турган унаалар зыян тартты.

Кол салуу Даниянын борбор шаары Копенгагендин батышындагы жана түрктөр көп жашаган Исход шаарында болду. Бир күйүүчү май станциясында маектешип отурган бир группа түрк жаштарга жүрүп бара жаткан унаадан маскалуу кишилер ок атышты.

Кол салуучулардын 3 жолу ок аткандыгы жана унаанын ылдам түрдө окуя болгон жерден алыстагандыгы билдирилди.

Шаарда акыркы бир жуманын ичинде болгон экинчи куралдуу кол салуудан кийин полиция аймакты чектелген аймак деп жарыялады. Ушуга караганда коопсуздук күчтөрү прокурордун чечими болбостон жарандарды текшерип, үйлөрү менен унааларын текшере алат.

Жалпы өлкөдө акыркы бир жумада 9 башка жерде куралдуу кол салуу болуп бир топ жаран да октордун бутасы болду.



Тектеш кабарлар