Индия рупи менен нефть алат

Индия Ирандан нефтини өз акча бирдиги рупи менен ала баштайт.

1054055
Индия рупи менен нефть алат

Жергиликтүү басма сөздүн маалыматтарына караганда Индия Американын санкцияларына каршы чечүүчү жол катары Ирандан нефтини рупи менен ала баштайт.

Индияга таандык нефть фирмаларынын ноябрь айынан баштап Ирандан экспорттогон нефтинин төлөмдөрүн рупи менен Индиянын United Commercial Bankы жана IDBI банкы аркылуу ишке ашырары белгиленди.

АКШнын экинчи санкция пакети ишке кире турган 5 -  ноябрдан баштап Иран улуттук нефть фирмасы, Иран нефть соода фирмасы жана Улуттук танкер фирмасына эл аралык чектөөлөрдү алып келе турган жана экономикасы  чоң өлчөмдө нефтиге таянган бул өлкөдөн нефть жана продукцияларынын сатылышына санкция салынат.

Вашингтон башкаруусу өзгөчө бул күндөн кийин Иран менен карым – катнаш курган фималарды да санкция салуу менен коркутууда.



Тектеш кабарлар