Британия жана француз реактивдеринен орус учактарына тоскоолдук

Британия учактарынын артынан бир француз аскердик учагы менен танкер учагы учту.

1054374
Британия жана француз реактивдеринен орус учактарына тоскоолдук

 Британия менен Франциянын аба күчтөрүнө таандык реактивдеринин Түндүк деңизинин үстүндө Британия аба аянтына кирген орус учактарына тоскоол болгондугу билдирилди.

Англис Sky News телекөрсөтүүснүн кабарына караганда операция Тайфун моделиндеги бир аскердик учак менен бир Airbus Voyager танкер учагынын Британиянын Ньюкасл шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө учушу менен башталды.

Британия учактарынын артынан бир француз аскердик учагы менен танкер учагы учту. Кабарда орус учактарынын санына жана моделине байланыштуу маалымат берилген жок.

Британия королдук аба күчтөрү «улантылып жаткан бир операция» тууралуу маалымат бербей тургандыгын билдирди.

Sky News 45 минутага жакын созулган операциядан кийин Британия француз учактарынын бири биринин артынан базаларына кайткандыгын билдирди.

РАФ реактивдери өткөн айда Кара деңиз үстүндө Румынияга жакын бир аймакта орус учактарына эки жолу тоскоолдук болгон.



Тектеш кабарлар