Жоголгон аскердик учак

Орусиянын коргоо министрлиги жоголгон орус аскердик учагынын Израилдин абадан кол салууларынын айынан Сирияга таандык С  - 200 абадан коргонуу системасы тарабынан түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Жоголгон аскердик учак

Орусиянын коргоо министрлиги кечээ Сирияда жоголгон орус аскердик учагынын Израилдин абадан кол салууларынын айынан Сирияга таандык С  - 200 абадан коргонуу системасы тарабынан түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Министрликтен берилген маалыматта кечээ Хмеймин базасынын жакындарында  14 аскер менен радардан жоголгон  Ил  - 20 моделиндеги  учактын Сирия армиясынын С  - 200 коргонуу системасынан учурулган бир ракета менен атылгандыгы белгиленди.  

Маалыматка караганда израилдик учкучтар учакты Сирия абадан коргонуу системасы турган аймакка жетелеп калкан катары колдонду.

Орусия коргонуу министрлигинин катчысы Игорь Конашенков орус учагынын аймактан алысташы үчүн Сириянын бул кол салууну кеч кабар беришинен улам керектүү убакытты таба албагандыгын белгиледи жана : «Ил  - 20 учагыбыз (Сирияга таандык) С  -200 системасы тарабынан атылды»,- деди.

Учактын израилдик учкучтардын жоопкерчиликсиздигинин айынан түшкөндүгүн айткан Конашенков : «Израиль тарабынан жасалган бул провокацияны душмандык деп мүнөздөйбүз. Израиль аскерлеринин жоопкерчиликсиздигинин айынан 15 орус аскери каза тапты. Бул Орусия  - Израиль карым – катнаштарына тескери абал»,- деди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу болсо орус аскердик учагынын Сирияга таандык С  - 200 абадан коргоо системасы тарабынан атып түшүрүлүшүнөн кийин Израиль коргоо министри Авигдор Либерман менен телефон аркылуу сүйлөштү.   

Сүйлөшүүдө Израилдин «жоопкерчиликсиз мамилесинен улам» 15 орус аскеринин каза болгондугун белгилеген Шойгу : «Коркунучтуу окуялардын бөгөттөлүшүнө карата түзүлгөн келишимдерге карабастан Израиль Сирияга карата кол салууларынан бир минута мурда орус тарабына маалымат берди»,- деди.

Сирияда түшкөн орус учагынан улам Израилди күнөөлөгөн Шойгу : «Сирияда түшкөн орус аскердик учагынын жана каза болгон экипаждын бардык жоопкерчилиги Израилге таандык»,- деди.

Орусия коргоо министрлиги мындан мурда берген маалыматында ичинде 15 аскер болгон Ил  - 20 орус аскердик учагынын Сириядагы Хмеймим базасына кайтып жатканда Жер Ортолук деңизинин үстүндө радардан чыккандыгын билдирген.

Маалыматта учактын Израилге таандык Ф  - 16 аскердик учагынын Сириянын Латакия шаарына жасаган кол салуу учурунда жоголгондугу белгиленген.



Тектеш кабарлар