Украина Орусия менен достук келишимин акырына чыгарды

Украинанын президенттик интернет сайтында жарыяланган буйрук менен Украина жана Орусиянын ортосунда достук, кызматташуу жана өнөктөштүк келишими акырына чыккандыгы жарыяланды.

Украина Орусия менен достук келишимин акырына чыгарды

Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко Украина жана Орусиянын ортосунда достук, кызматташуу жана өнөктөштүк келишиминин акырына чыгарылышына байланыштуу буйрукка кол койду.

Порошенок тарабынан кол коюлган жана Украинанын президенттик интернет сайтында жарыяланган буйрук менен Украина жана Орусиянын ортосунда достук, кызматташуу жана өнөктөштүк келишими акырына чыккандыгы жарыяланды.

Украина президенттигинин басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда буйруктун Украина улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши тарабынан бул келишимдин узартылышына карата 2018 -  жылдын 6 -  сентябрында чыгарылган чечимдин негизинде кол коюлгандыгы белгиленди.

Орусия жана Украинанын ортосунда 1997 -  жылы 31 -  майда кол коюлган келишим эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын негизги келишимдеринин бири катары көрүлүп, эки өлкөнү бир эле учурда «стратегиялык өнөктөш» катары аныктап жатат.



Тектеш кабарлар