Японияда эл картайып баратат

Японияда 70 жана андан улуу жаштагы кишилердин саны жалпы калктын санынын 20 пайызын түзүп жатат.

Японияда эл картайып баратат

Киодо агенттигинин Япония ички иштер жана информация министрлигинен берилген маалыматка таяндырып берген кабарына караганда өлкөдө 70 жана андан улуу жаштагы кишилердин жалпы саны 26, 18 миллионго жетти жана бул группа калктын 20, 7 пайызын түзүүдө.

Барган сайын картайып бара жаткан өлкөдө бул катнаш мурунку жылы 19, 9 пайыз деп белгиленген.

Маалыматтар өлкөдөгү 65 жана андан улуу жаштагы аялдар менен эркектердин жалпы санынын андан бир жыл курункуга караганда 440 миң кишиге өсүп, 35, 57 миллионго жеткендигин жана бардык калк санынын 28, 8 пайызын түзгөндүгүн ортого салды.

Японияда 65 жана андан улуу жаштагы аялдардын санынын да биринчи жолу 20 миллиондон ашкандыгы белгиленди. Маалыматтар өлкөдөгү 65 жана андан улуу жаштагы 20, 12 миллион аялдын бардык аялдардын 31 пайызын түзгөндүгүн белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар