АКШнын дүйнөдөгү таасири азаюуда

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, «The Atlantic» журналына маек куруп берди.

АКШнын дүйнөдөгү таасири азаюуда

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, АКШнын дүйнөдөгү таасири азая баштаганын айтты.

«The Atlantic» журналына берген маегинде, «АКШнын жумшак күчү азаюуда»,-деп айтты Гутерриш.

Атын атабастан АКШнын президенти Дональд Трамптын Кытай менен баштаган «соода согушуна» шилтеме кылган Гутерриш: «АКШ, бүгүнкү күндө соода жана бир канча маселелер менен алпурушууда. Мындан мурда эл аралык мамилелерде салмактуу ролу болгон Америка коомчулугунун бүгүнкү күндө таасири дагы аз»,деген серебин салды.

Баш катчы Гутерриш: «Дүйнө жүзү бир канча бөлүккө бөлүнгөн абалда жана Суук согуштун аякташынан бери Америка жетектеген тартип азырынча аныктала элек көп сандаган күчтүн таасири арткан тартипке карай баратат, АКШ жана дүйнө жүзү бул жаңы абалга көнүшү керек»,-деп пикирин ачык бөлүштү.



Тектеш кабарлар