Путин «Восток-2018» аскердик машыгуусун иликтеди

Путин, машыгуудан кийин айрым орус, монгол жана кытайлык аскерлерге медалдарын тапшырды.

Путин «Восток-2018» аскердик машыгуусун иликтеди

Орусиянын президенти Владимир Путин, Сибирь аймагында уланган «Восток-2018» аскердик машыгуусун иликтеди.

Путин, 11-сентябрда башталган машыгуунун башкы этабын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ, Орусиянын башкы штаб төрагасы Валерий Герасимов жана Монголиянын куралдуу күчтөр бирикмесинин командири Ганселем Лхагвасурен менен чогуу көрдү.

Аянттагы мобилдик текшерүүчү пунктту да текшерген Путин, машыгуудан кийин айрым орус, монгол жана кытайлык аскерлерге медалдарын тапшырды.

Путин, полигондогу сөз сүйлөөсүндө Орусиянын армиясы жана флотунун алгач ирет татаал жана чоң көлөмдөгү сыноодон өткөнүн айтты.

Машыгуунун Цуголь полигонунда өткөн этабынын жогорку деңгээлде ишке ашырылганын айткан Путин, бардык бөлүмдөрдүн потенцияалдык аскердик коркунучтарга каршы ийгиликтүү түрдө жөндөмдүүлүктөрүн көрсөткөнүн баса белгиледи.

Путин: «Орусия, тынчтыкты сүйгөн мамлекет. Биздин кол салуучу пландарыбыз болбойт, боло албайт. Биздин тышкы саясатыбыз тийиштүү бардык өлкөлөр менен конструктивдүү кызматташтыкты максаттайт. Мына ушул себептен дүйнөдөгү 59 өлкөдөн 87 байкоочу бул машыгууну байкоодо»,-деп айтты.

Орусия тарыхындагы эң көп катышуучусу болгон аскердик машыгуу «Восток-2018ге» 300 миңдей аскер, миңден ашуун учак, тик учак, учкучсуз учуучу аппараттар, 36 миңдей танка, зооттолгон унаа жана башка аскердик техникалар менен 80ге жакын кеме катышууда.

17-сентябрда аяктай турган машыгууга Кытай жана Монголиянын куралдуу күчтөрү да катышууда.



Тектеш кабарлар