Иракта бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды

Кол салууда 6 киши каза болуп, 43 киши жараланды.

1049048
Иракта бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды

Ирактын Селахаддин аймагында бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда 6 киши каза болуп, 43 киши жараланды. Кол салуу борбор шаар Багдаттын түндүк батышында Селахаддин облусуна караштуу Хажаж кыштагынын жакындарында жасалды.

Жаралуулардын ооруканага жаткырылгандыгы жана аймакка көп сандаган өрт өчүргүч менен тез жардамдардын жиберилгендиги белгиленди.

Жарылуунун таасири менен тегеректеги 4 унаа колдонулбай турган абалга келип, бир ресторан да чоң зыян тартты.

Өлүс үч бурчтугу деп аталган Керкүк, Селахаддин жана Дияланын ортосундагы аймакта кээ кээде жарандарды бутага алган террордук кол салуулар болууда.



Тектеш кабарлар