Орусия менен Кытай иреттүү түрдө машыгуу өткөрөт

Машыгууга Кытай жана Монголия куралдуу күчтөрү да катышууда.

Орусия менен Кытай иреттүү түрдө машыгуу өткөрөт

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кытай менен иреттүү түрдө аскердик машыгуу өткөрүү үчүн келишкендерин билдирди.

ТАСС маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу кытайлык кесиптеши Вэй Фэнхэ менен Восток  - 2018 аскердик машыгуу өткөрүлгөн Цугол полигонунда жолугушту.

Шойгу Восток  - 2018 аскердик машыгуусунун негизинде Орус  - Кытай аскердик кызматташтыгына көңүл буруу менен : «Ушундайча иреттүү түрдө аскердик машыгуу өткөрүү жагдайында келиштик»,- деди.

Вэй Фэнхэ да эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгынын ылдам жана стратегиялык экендигин айтты. Орусиянын тарыхындагы эң жогорку катышуучу болгон аскердик машыгуусу болгон Восток  - 2018ге 300 миңге жакын аскер, миңден ашуун учак, тик учар, учкучсуз анаа аппараты, 36 миңге жакын танка, ок өткөрбөс унаа жана аскердик техникалык унаалар менен 80ге жакын кеме катышууда.

Машыгууга Кытай жана Монголия куралдуу күчтөрү да катышууда.



Тектеш кабарлар