Грецияда болгон токой өрттөрүнүн кесепети

Июль айында Грециянын борбор шаары Афина жакындарында болгон өрт апаатында каза болгондордун саны 99га жетти.

Грецияда болгон токой өрттөрүнүн кесепети

Грециянын өрт өчүрүү мекемесинен берилген маалыматта Афина Евангелисмос ооруканасында бир айга жакын убакыттан бери дарыланып жаткан 26 жаштагы бир аялдын каза болгондугу билдирилди. Ушуга караганда өлкө тарыхындагы өлүмчүл өрт апаатында 16сы ооруканада болу уменен каза болгондордун саны 99га жетти.

Маалыматта жаралуу 14 кишинин дарыланып жаткандыгы, алардын ичинен 3 кишинин жандандыруу бөлмөсүндө экендиги билдирилди. Өрттө каза болгон 99 кишиден 83нүн күбөлүгүнүн такталгандыгы белгиленди.

Афинанын 20 километр түндүк чыгышындагы Пендели аймагында токой аянтында бир кишинин куураган шактарды чогултуп, өрттөшү менен чыккан жана катуу шамалдын таасири менен кыска убакытта отурукташуу жерлерине жайылган өрттө 187 киши жараланып, жүздөгөн үй жана унаа күлгө айланган.

Өрт тууралуу чыгымдарды аныктоо иштери жана колдонулбай турган абалга келген үйлөрдү кулатуу иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар