Эрдогандын айткандарына кошулабыз

Карен Пирс, президент Эрдогандын «Wall Street Journal» гезитинде Сириянын Идлиб аймагы тууралуу жазган макаласына шилтеме кылып, «Президент Эрдоганга кескин түрдө кошулабыз»,-деди.

Эрдогандын айткандарына кошулабыз

Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Карен Пирс, президент Эрдогандын «Wall Street Journal» гезитинде Сириянын Идлиб аймагы тууралуу жазган макаласына шилтеме кылып, «Президент Эрдоганга кескин түрдө кошулабыз»,-деди.

БУУнун коопсуздук кеңеши Орусиянын талабы боюнча президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин жума күнү Тегеранда өткөргөн саммиттин жыйынтыктарын жана Идлиб маселесин сүйлөшүү үчүн чогулду.

Кеңеште сөз сүйлөгөн Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Карен Пирс: «Асад режими жана Орусиянын Идлибге кол салуусу же Түркиянын террористтерди айырмалап аларга каршы күрөшүүсүнүн ортосунда тандоо жасашыбыз керек. Түркиянын Идлиб үчүн планы бар; «оппозициячылдар террористтер менен күрөшүп жатканда режим аларга кол салбашы керек». Кеңеш ушуну сүйлөшүп жаткан болушу зарыл»,-деди.

Карен Пирс, президент Эрдогандын «Wall Street Journal» гезитинде Сириянын Идлиб аймагы тууралуу жазган макаласына шилтеме кылып, «Президент Эрдоганга кескин түрдө кошулабыз»,-деп айтты.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли да Орусия жана Асад режиминин Идлибге кол салууларында баррель бомбаларын жана ракеталарды колдонгонун, ооруканалар бутага алынганын белгилеп өттү.

Хейли: «Аесуз түрдө кош сокку түрүндө кол салуулар болуп жатат; режим күчтөрү бир аймакты аткандан кийин тез жардам үчүн келгендерди күтүп туруп кайра атууда.Бул профессионалдуу аскердик эмес, жүрөктү айланткан террорист тактикасы»,деген серебин салды.

Орусиянын Сирияда тынчтык темасында убактысын бекер коротуусун соңуна чыгарышы керектигин айткан Хейли, буларга токтолду: «Орусия жана Иран, Сирияда конструктивдүү актерлор катары ишенимдүүлүктөрүн көрсөтүш үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүккө ээ болчу, бирок бул мүмкүнчүлүктөр эмне болду? Өздөрү жетишкен жалган ок атышпоочулук келишимин күлкүнүчтүү жана систематикалык түрдө бузду».

Орусиянын Идлибдеги апаатты токтотуу күчү бар экенин баса белгилеген Хейли: «Идлибде кандайдыр бир кол салуу чыңалууну күчөтөт. Асад, Орусия жана Иран ушул жолун уланта берсе жыйынтыктары жаман болот жана дүйнө жүзүт болуп жаткандарга аларды жооптуу көрөт»,-деди.



Тектеш кабарлар