БУУнун Йемен сүйлөшүүлөрүн жандандыруу демилгеси

БУУнун  Йемен атайын өкүлү Мартин Гриффитс тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан жандандыруу максатында Йемен, Сауд Аравия жана Умманга барат.

БУУнун Йемен сүйлөшүүлөрүн жандандыруу демилгеси

БУУнун  Йемен атайын өкүлү Мартин Гриффитс Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция бөлүктөрү тарабынан колдоого алынган Йемен өкмөтү жана хусилердин арасында  баштала электе эле бузулган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан жандандыруу максатында Йемен, Сауд Аравия жана Умманга барарын айтты.

Мартин Гриффитс өткөн жумада Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлүшү пландалган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө хусилердин катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүктөн сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз болгондугуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымат берди.

Йемендеги тынчтык процессинин кыйын болорун белгилеген Мартин Гриффитс, ишенимди арттыруучу чаралар менен тараптарды кайрадан жолугуштуруу үчүн Уммандын борбор шаары Мускат, Сауд Аравиянын борбор шаары Рияд жана Йеменде хусилердин текшерүүсү астындагы Санага барарын билдирди. Мартин Гриффитс сапарында тараптар менен кылмышкерлердин эркин койо берилиши жана Сана аэропортунун кайрадан транспортко ачылышы темаларын да сүйлөшөрүн сөзүнө кошту.

Йеменде үч жылдан ашуун убакыттан бери хусилер менен Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция бөлүктөрү тарабынан колдоого алынган өкмөт күчтөрүнүн ортосунда болгон кагылышууларда миңдеген киши каза тапты.

Саламаттыкты сактоо башта болуу менен көптөгөн тармакта адамзаттык кризис болгон өлкөдө таза суунун болбогондугу, жетерсиз азыктануу, дары  - дармек жана медициналык материалдардагы кемчиликтер сыяктуу себептер менен эпидемиялык оорулар күн өткөн сайын күч алууда.



Тектеш кабарлар